Чавушоглу: «Казакстандын тез арада ырааттуулук, тынчтык жана бейпилдикке жетишин каалайбыз»

Чавушоглу Антальяда өткөрүлгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Анкара облустук уюмунун кеңешүү жана баа берүү жыйынына катышты.

1759547
Чавушоглу: «Казакстандын тез арада ырааттуулук, тынчтык жана бейпилдикке жетишин каалайбыз»

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстандын тез арада ырааттуулук, тынчтык жана бейпилдикке жетишин каалашканын айып: «Бул үчүн Түркия жана Түрк Мамлекеттери Уюму катары ар кандай колдоолорду көрсөтөбүз»,-деди.

Чавушоглу Антальяда өткөрүлгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Анкара облустук уюмунун кеңешүү жана баа берүү жыйынына катышты.

Министр Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын тышкы саясатта бир себеби бар экенин, бардык жерде боордошторунун жана туугандарынын көйгөйлөрүн өз көйгөйлөрү катары көргөндөрүн белгиледи.

Чавушоглу: «Түрк дүйнөсүнүн келечеги биздин камкордугубуз. Бул жерде биз Казакстандагы окуяларга тынчсызданып жатабыз, биз жакындан байкоо жүргүзүп жатабыз. Урматтуу Президентибиз Түрк Мамлекеттери Уюмунун кезектеги төрагасы катары Казакстандын президентинен баштап бардык мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары менен да сүйлөшүү өткөрдү. Мен болсо байкоочу мүчө Венгрия баш болгон тышкы иштер министрлери менен да сүйлөштүм. Шейшемби күнү Тышкы иштер министрлеринин жыйынын өткөрөбүз. Түркия жана Түрк Мамлекеттери Уюму катары билдирүүлөрүбүздү жасадык»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу: «Биздин тилегибиз Казакстандын стабилдүүлүккө, тынчтыкка жана бейпилдикке тез арада жетиши. Бул үчүн Түркия жана Түрк Мамлекеттер Уюму катары ар кандай колдоолорду көрсөтөбүз. Башка мүчө өлкөлөрдүн, тактап айтканда түрк дүйнөсүнүн көйгөйлөрү биздин көйгөйлөрүбүз болуп саналат. Муну бүткүл дүйнө Карабах жеңишинде көрдү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар