TURKOVAC вакцинасы сайыла баштады

Саламаттыкты сактоо министри Кожа кечээ TURKOVACтын бүгүндөн тарта шаардык ооруканаларда бериле турганын маалымдаган эле.

1754637
TURKOVAC вакцинасы сайыла баштады

Шашылыш түрдө колдонууга уруксат берилген ата мекендик коронавирус (Ковид-19) вакцинасы TURKOVAC өлкө боюнча шаардык ооруканаларда бериле баштады.

Кеңири колдонула баштаган TURKOVAC вакцинасы Анкара шаардык ооруканасынын жалпы оорукана бөлүмүндө да берилүүдө.

Таң  эртеден баштап көптөгөн жарандар эмдөө үчүн кезекке турушкан оорукананын 10 эмдөө бөлмөсүндө TURKOVAC сайылууда. Кишинин көптүгүнө жараша эмдөө бөлмөлөрүнүн көбөйтүлүшү мүмкүн экени белгиленди.

TURKOVAC менен эмделген Гази Коч эки доза BioNTech вакцинасын алганын, эскертүүчү доза үчүн да TURKOVACты күтүп жатканын айтты.

Коч: «Кечээ саламаттыкты сактоо министрибиз Фахреттин Кожа да TURKOVAC вакцинасын алды. Мен да түрк дарыгерлерибизге ишенип, жергиликтүү вакцинаны тандадым»,-деди.

Синовак вакцинасынын мурда үч дозасын алганын айткан Фатих Топалоглу болсо: «Эскертүү дозасы катары ата мекендик вакцина TURKOVACты күттүм жана эмделдим. Баарына эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылам»,-деди.

Саламаттыкты сактоо министри Кожа кечээ TURKOVACтын бүгүндөн тарта шаардык ооруканаларда бериле турганын маалымдаган эле.



Тектеш кабарлар