Түркиянын аэропорт саны 61ге чыгат

Адил Караисмаилоглу : «Азыркы учурда 56 аэропорт иштетилүүдө. Келерки жылы булардын үстүнө 5 аэропорт дагы кошулат, аэропорт санын 61ге чыгарабыз»,- деди.

1752399
Түркиянын аэропорт саны 61ге чыгат

Түркиянын аэропорт саны келерки жылы 56дан 61ге чыгат. Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу : «Азыркы учурда 56 аэропорт иштетилүүдө. Келерки жылы булардын үстүнө 5 аэропорт дагы кошулат, аэропорт санын 61ге чыгарабыз»,- деди.

Стамбулда маалымат берген Караисмаилоглу  аба жолунун элдин жолу экендигин белгилеп : «Ошондой эле темир жолдорун да капиталдык ремонттон өткөрдүк. Өлкөбүз жакынкы убактарда жогорку ылдамдыктагы поезд менен таанышты. Азыркы учурда курулушу улантылып жаткан 4 000 километрдик ылдам поезд долбоорубуз бар. Бул ылдам поезддерде жүк да жүргүнчү да ташууга болот»,- деди.

Сөзүндө аэропорт инвестицияларына токтолгон Караисмаилоглу 2022 -  жылы Түркиядагы аэропорт саны 61ге чыгарын айтты.



Тектеш кабарлар