Акар командирлер менен жыйын өткөрдү
Улуттук коргоо министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар; Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, күч жана бөлүк командирлери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, министр Акардын жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы генерал Гүлер, күч командирлери, министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана бөлүк командирлеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны өткөрүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө Акар тарабынан көрсөтмө берилген жыйында, күч жана армия командирлери менен катар өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы бөлүк командирлеринин жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери жана талаадагы акыркы абал тууралуу маалымат бөлүшүлгөнү кабарланды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.