Эрдоган Кызылай жана Кызыл Крест коомдорунун башкы катчысын кабыл алды

Кабыл алуу Стамбулда Халис Конгречч борборунда ишке ашты.

1742828
Эрдоган Кызылай жана Кызыл Крест коомдорунун башкы катчысын кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган Кызылайдын  төрагасы Керем Кынык жана Эл аралык Кызылай  -  Кызыл Крест коомдору федерациясынын башкы катчысы  Жаган Чапагайнды кабыл алды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Стамбулда Халич Конгресс борборунда ишке ашкан кабыл алууда Түркияда жана коңшу өлкөлөрдөгү сириялыктар башта болгон баш калкалоочуларга карата гуманитардык жардам иштери жана Стамбулдун гуманитардык жардам дүйнөсүнүн логистикалык база болушу үчүн жүргүзүлгөн иштер талкууланды.

Президент Эрдоган Түркиянын сириялыктарды өз ыктыяры менен мекенине кайтаруу аракеттерине  Эл аралык Кызылай  -  Кызыл Крест коомдору федерациясы жана эл аралык коомчулуктун дагы эффективдүү колдоо бериши керектигин баса белгиледи.

Кызылайдын төрагасы Кынык жана Эл аралык Кызылай-Кызыл Крест коомдору федерациясынын башкы катчысы Чапагайн да баш калкалоочулардын кыйынчылыгын ар бир платформада күн тартибине алып келгендигин жана гуманитардык жардам аракеттери үчүнпрезидент Эрдоганга ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар