Чавушоглу Швецияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Министр жолугушууларына байланыштуу Твиттер баракчасынан маалымат берди.

1741761
Чавушоглу Швецияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
cavusoglu isvec uluslararasi demokratlar birligi.jpg
vladimir makei-cavusoglu.jpg
cavusoglu-borrell.jpg

Тышкы иштер министри Чавушоглу Швецияда Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолугушту.

Мевлүт Чавушоглу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышуу үчүн барган Швециянын борбор шаары Стокгольмдо өткөргөн жолугушууларына байланыштуу Твиттер баракчасынан маалымат берди.

Макей менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүүсүндө Чавушоглу: «Стокгольмдогу биринчи жолугушуубузда Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен карым-катнаштарыбызды, аймактык маселелерди жана мыйзамсыз миграцияны талкууладык»,-деди.

Чавушоглу экинчи жолугушуу тууралуу билдирүүсүндө да: «Стокгольмдо Евробиримдиктин жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушуп Ооганстан, Ливия, Украина жана Кипр сыяктуу күн тартибибиздеги тышкы саясат маселелерин талкууладык»,-деди.

Чавушоглу Эл аралык демократтар биримдигинин Швеция уюмунун өкүлдөрү менен да жолугушту жана бул жолугушууга байланыштуу: «Чет өлкөдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоо жана көйгөйлөрүн чечүү үчүн ар кандай колдоолорду көрсөтүүнү улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар