Интерполдун Жалпы Кеңеши аяктады

Эл аралык полиция уюмунун жаңы төрагасы, төрага орун басары жана делегациялар шайланган 89 -  Жалпы Кеңештин жыйыны аяктады.

1739189
Интерполдун Жалпы Кеңеши аяктады

Эл аралык полиция уюмунун жаңы төрагасы, төрага орун басары жана делегациялар шайланган 89 -  Жалпы Кеңештин жыйыны аяктады.

Үч күнгө созулган жыйындын негизинде сөз сүйлөгөн Коопсуздук боюнча башкы директор Мехмет Акташ кызматын өткөрүп берген мурунку төрага Ким Чен Янга жана делегаттарга ыраазычылык билдирип : «Интерполдун жаңы шайланган төрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынан Ахмед Насер Аль Раиси мырзаны, аткаруу комитетинин мүчөлөрүн куттуктайм жана ийгиликтерди каалайм», - деди.

Интерполдун Европа континентинен делегация болуп шайланган, Коопсуздук боюнча башкы директорлугунун Интерпол бөлүмүнүн төрагасы Селчук Севгелге да  ийгилик каалаган Акташ жалпы кеңеште чыгарылган ар бир чечимдин дүйнөнүн дагы коопсуз бир жер болушуна салым кошоруна ишенгендигин айтты.

Интерполдун мурдагы төрагасы Ким Чен Ян да жылуу кабыл алуу жана иш - чараны өткөргөн түрк жетекчилерге ыраазычылык билдирип : «Стамбулдагы бул Жалпы Кеңешке акыркы жолу төрагалык кылуу мен үчүн чоң сыймык»,- деди.  

Сөздөрдөн кийин Интерпол уюмуна таандык выпмел Коопсуздук боюнча башкы директор Мехмет Акташ тарабынан кийинки жалпы кеңешти өткөрө турган Индиянын Борбордук териштирүү бюросунун директору Субодх Джайсвалга тапшырылды.



Тектеш кабарлар