Сииртте "Эрен кыш - 5" операциясы башталды

Операцияга 700 кызматкер жана 53 ыкчам топ катышууда.

1735408
Сииртте "Эрен кыш - 5" операциясы башталды

Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмунун 5 террористти жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында террористтерге карата куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен операция жүргүзүлгөндүгү билдирилди. 

Маалыматта : "Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук Чалгындоо Уюмунун координациялуу иш алып барышынын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында аныкталган ПККнын 5 террористти куралдуу учкучсуз аба аппараттарыбыз менен жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды. Террор менен күрөшүбүз чечкиндүү түрдө улантылат",- деп билдирилди. 

Бир тараптан Ички иштер министрлигинен берилген  маалыматка караганда ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы террорристтерди жок кылуу максатында Сииртте "Эрен кыш  - 5" операциясы баштатылды. 

Операцияга 700 кызматкер жана 53 ыкчам топ катышууда.

Билдирүүдө, өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн «Эрен» кыш операциялары элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улантылып жаткандыгы белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар