Эрдоган Троя музейинин ачылышын жасаганын билдирди

Президент Эрдоган, мурунку күнү Чанаккалеге болгон сапарында Троя музейинин ачылышын ишке ашырды.

1733818
Эрдоган Троя музейинин ачылышын жасаганын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, белгилүү болгон эң алгачкы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бүт тарыхты сактап калуу үчүн ар бир кадамды таштагандарын, ар кандай инвестицияны уланта тургандарын айтып: «Биз музейге жакыр өлкө болуудан чыгуудабыз, чыгабыз. Музейлер боюнча дүйнө менен атаандашып жатабыз, атаандаша беребиз»,-деди.

Президент Эрдоган, мурунку күнү Чанаккалеге болгон сапарында, Түркияга тартуулашкан маданият жана искусствонун эң көрүнүктүү жана мазмундуу баалуулуктарынын бири болгон Троя музейинин ачылышын ишке ашырганын билдирди.

Түркиянын бардык жеринде эң заманбап музейлердин өз убагында курулганын жана мындан ары да курула турганын айткан Эрдоган: «Биз тарыхтын материалдык калдыктарын гана эмес, анын адамдык баалуулуктарын да коргойбуз жана кабыл алабыз»,-деп айтып: « Музейге жакыр өлкө болуудан чыгуудабыз, чыгабыз. Музейлер боюнча дүйнө менен атаандашып жатабыз, атаандаша беребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар