Bayraktar TB2 экспорттолгон өлкөлөрдүн саны 13кө жетти
«Байкар» компаниясы билдирүү жасады.
1726017
«Байкар» компаниясы Куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) Bayraktar TB2нин жаңы өлкөгө экспорттоло турганын жарыялады.
Компаниянын расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө, Байрактар TB2 куралдуу учкучсуз учуучу учактын жаңы өлкө менен экспорттук келишими түзүлүп бүткөнү белгиленди.
Экспорт жасала турчу жаңы өлкөнүн аты айтылбаган билдирүүдө: «Дагы бир өлкө менен #BayraktarTB2 SİHA экспорттук келишимин бүтүрдүк. Бул келишим менен #BayraktarTB2 SİHA экспорттолгон өлкөлөрдүн саны 13кө жетти. #Улуттук технология иш-аракети»,-деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.