Акар: «Террорист кайсы жерде болсо, биздин бутабыз ошол жер»

«Ок атуу эркин-2021» иш-чарасынын Ардактуу байкоочу күнү, улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана күч командирлеринин катышуусунда өттү.

1726207
Акар: «Террорист кайсы жерде болсо, биздин бутабыз ошол жер»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Террорист кайсы жерде болсо, биздин бутабыз ошол. Террорчулардын изин кубалоону улантабыз», - деди.

«Ок атуу эркин-2021» иш-чарасынын Ардактуу байкоочу күнү, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Муса Авсевер, деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Аднан Өзбал, аба күчтөрүнүн командири, армия генералы Хасан Күчүкакюз, министрдин орун басары Мухсин Дере жана командирлердин катышуусу менен өттү.

Акардын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келген Сербиянын вице-премьер-министри жана коргоо министри Небойша Стефанович да иш-чарага катышты.

«Ок атуунун күчү» урааны менен өткөрүлгөн иш-чаранын соңунда сөз сүйлөгөн Акар, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) жеткен чегин көрсөткөн дагы бир сыймыктуу иш-аракетти ийгиликтүү аяктагандарын айтты.

Акар ТККнын республика тарыхынын эң кызуу мезгилин башынан өткөргөнүн, бир тарапта билим берүү жана машыгуу, экинчи тарапта операциялык иш-аракеттер болгонун белгиледи.

Эффективдүү, күчтүү жана урматталган армиянын маанисине көңүл бурган Акар:«Мехметчик (түрк аскери) өзүнө жүктөлгөн милдеттерди эң ​​жакшы аткарды жана аткарууда. Ошентип ТКК аймагыбызда жана дүйнөдө, өзгөчө НАТОдо кадыр-барктуу жана көрүнүктүү позициясын сактап, бул позициясын күндөн-күнгө өнүктүрүүдө»,-деп өз баасын берди.

Террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканын баса белгилеген Акар: «Терроризмге каршы күрөшүбүз, айрыкча Ирактын түндүгүндө чечкиндүүлүк менен уланууда. Террорчулардын уюгуна, үңкүрлөрүнө, баш калкалоочу жайларына кирилди жана кирүүнү улантууда. Алардын уюгу талкаланды жана жок кылынат. Мехметчик аянтта өз милдетин болуп көрбөгөндөй ийгилик жана баатырдык менен аткарууда»,-деп айтты.

Террор уюму ПКК менен ЙПГнын ортосунда эч кандай айырма жок экенин баса белгилеген Акар: «ПКК ЙПГга барабар»,-деп айтып: «Күрөшүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат. Жаңы коргонуу концепциясы катары алдыга койгон жагдай, терроризмди жана террористтерди булагында жок кылуу. Ошол себептүү террорист кайда болсо, ошол биздин бутабыз деп айтабыз. Террористтердин изин кубалоону улантабыз. 2015-жылдын 24-июлунан бүгүнкү күнгө чейин Ирактын түндүгүндө 18 641 террорист жок кылынды. Сириянын түндүгү менен бирге караганда жок кылынган террористтердин жалпы саны 32 800 болду»,-деди.

 



Тектеш кабарлар