Эрдоган : "2021 - жылды 9 пайыздык өсүү менен акырына чыгарууну күтүп жатабыз"

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Анголада Түркия-Ангола иш форумунда сөз сүйлөдү.

1721409
Эрдоган : "2021 -  жылды 9 пайыздык өсүү менен акырына чыгарууну күтүп жатабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын 2021 - жылды 9 пайыздык өсүү темпи менен акырына чыгарарын айтты.

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Анголада Түркия-Ангола иш форумунда сөз сүйлөдү.

Түркия-Ангола карым  - катнаштарын татыктуу деңгээлге жеткирүүгө  маани беришкендерин баса белгилеген Эрдоган: «Ангола менен болгон сүйлөшүүлөрдө экономикалык жана соода  карым  - катнаштарын талкууладык. Эки тараптуу соодабызды 500 миллион долларга жеткирүүнү чечтик. Өлкөбүздүн күчтүү саламаттыкты сактоо  инфраструктурасынан пайдаланган африкалык конокторубуздун саны бир топ көбөйдү ”,- деди.

Чоң жыйырмалыктын мүчөсү  Түркиянын жана Африканын жылдызы болгон Анголанын карым - катнаштарын өнүктүүрүдө кеч калуунун өкүнүчтүү экенин белгилеген Эрдоган, өз ара сапарлар менен тарыхый кадам таштагандарын айтты.

Эрдоган сөзүндө түрк экономикасынын өсүшүнө токтолуп :"Биз 2021 - жылды 9 пайыздык өсүү менен акырына чыгаруудан үмүттүүбүз",- деди.  



Тектеш кабарлар