Террор менен күрөшүүнүн алкагында «боз» категориядагы террорист жок кылынды

Улуттук коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүү тууралуу маалыматтарды бөлүшүштү.

1720751
Террор менен күрөшүүнүн алкагында «боз» категориядагы террорист жок кылынды

Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» операциялык аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын мүчөлөрү болгон 5 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө, «Террордук уюм ПКК/ЙПГнын «Тынчтык булагы» аймагында тынчтыктын жана коопсуздуктун атмосферасын бузуусуна жол берген жокпуз жана бербейбиз! Аймактагы бардык чараларды көргөн баатыр десанттарыбыз, дагы бир кол салуу аракетинин алдын алып, 5 ПКК/YPG террористтерин зыянсыздандырды»,делди.

Бир тараптан Шырнакта таасирсиз кылынган 2 террористтен биринин жикчил террордук уюм ПККнын «боз категориядагы» мүчөсү Фырат Гизленч экени жарыяланды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, 14-15-октябрда Шырнакта абадан колдоого алынган операцияларда коопсуздук күчтөрү тарабынан эки террорист жок кылынды.

Таасирсиз кылынган террористтердин бири Шырнактын элет жеринде жүргөн жана «Терроризм боюнча издөөгө алынгандардын тизмесине» кирген, башына 500 миң лира сыйлык сайылган «боз» категориядагы «Сидар Фаркин Амед» каймана аттуу Фырат Гизленч экени аныкталды.

Билдирүүдө террорист Фырат Гизленч атайын даярдыктан өткөн жана уюмдун лидерлери деп аталган Мурат Карайыландын көрсөтмөсү менен чет өлкөдөн террористтердин өлкөгө өтүүсүн камсыздаган, Шырнак, Сиирт, Мардин, Батман жана Диярбакырда болгон көптөгөн жардыруулар боюнча жооптуу экени жана бул аймактарда кыймыл жүргүзгөн террорчуларга бомба даярдоону үйрөткөнү белгиленген.



Тектеш кабарлар