Антальяга аба жолу менен келген туристтердин саны 6 миллиондон ашты

Антальяга келген туристтердин саны 202 пайызга көбөйдү.

1706232
Антальяга аба жолу менен келген туристтердин саны 6 миллиондон ашты

Антальяга жылдын башынан бери аба жолу аркылуу келген туристтердин саны 6 миллион 41 миң 439га жетти.

Анталья губернаторлугунун билдирүүсүндө төмөнкүдөй маалымат берилди: «Туризмдин борбору Антальяга келген туристтердин саны январь айынан бери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 202 пайызга көбөйдү.

Жыл башынан бери Антальяга келген туристтердин саны 6 миллион 41 миң 439га жетти.

Өткөн жылдын сентябрь айынын алгачкы 13 күнүндө 445 миң 97 кишини кабыл алган Антальяга, ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 757 миң 461 турист барды.

Сентябрдын алгачкы 13 күнүнөн тарта туристтердин санынын өсүү темпи 70 пайызды түздү».



Тектеш кабарлар