Түркия-Сербия карым-катнаштары

Чавушоглу Түркиянын Сербиядагы Жаңы базар башкы консулдугунун расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1700939
Түркия-Сербия карым-катнаштары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия-Сербия карым-катнаштарынын тарыхындагы эң жакшы чекитине жеткенин айтты.

Чавушоглу Түркиянын Сербиядагы Жаңы базар башкы консулдугунун расмий ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Жаңы базарда биринчи башкы консулдукту ачкан өлкөнүн тышкы иштер министри болгону үчүн сыймыктанганын, ачылыш менен биргеликте түрк компанияларынын да бул аймакка кызыгуусу жана инвестициялары көбөйөт деп ойлогондорун айтты.

Сербия жана бул аймак менен байланышты күчтөндүрүү үчүн катуу аракет кылышканын баса белгилеген Чавушоглу: «Биз ошондой эле туризмге, маданиятка жана билимге да маани беребиз. Бул жердеги Түрк маданият борборунун ушул жерде жашаган босниялык бир туугандарыбыздын көңүлүн бурганына күбө болдук. Санжак элинин Түркияны чын жүрөктөн сүйгөнүн билебиз. Биз дагы сиздерди абдан жакшы көрөбүз. Бүгүн расмий түрдө ачылган Башкы консулдугубуз өз жарандарыз үчүн гана эмес, Сербияда жашаган бардык бир туугандарыбыздын кызматында. Бул жер сиздердин дагы үйүңүздөр болуп эсептелет», деди.



Тектеш кабарлар