Хулуси Акар Иран чек арасында иликтөө жүргүздү

Тик учак менен чек ара боюнча изилөө жүргүзгөн Акар жана командирлери андан кийин 2 618 метр бийиктиктеги Кочачукур дөңсөөсүндөгү байкоо жерине барды.

1691149
Хулуси Акар Иран чек арасында иликтөө жүргүздү
akar iran sinirinda1.jpg
akar iran sinirinda.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Иран чек арасында көрүлгөн чараларды   текшерип чыкты. Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер менен Кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Муса Авсевер да Хулуси Акарды коштоду. 

Тик учак менен чек ара боюнча изилөө жүргүзгөн Акар жана командирлери андан кийин 2 618 метр бийиктиктеги Кочачукур дөңсөөсүндөгү байкоо жерине барды. 

Көрүлгөн чараларды  ордунда иликтеген, аткарылгандар тууралуу маалымат алган Акар, Мехметчиктен аянтта абал тууралуу суроо сурап : "Биз бул жерде болгон кезде өлкөбүзгө террорист же мыйзам тышы мигранттар кире албайт",- деген жоопту алды. 

Акар жана командирлер андан кийин 2 430 метр бийиктиктеги Хангедик база аймагына барды. Министр Акар 2 - чек ара ротасынын командирине түрк желегин тапшырды, командир да түрк желегин өөп кабыл алды. Андан кийин да Акар жана командирлер аймактагы иликтөө жана текшерүү иштерин улантты.

 



Тектеш кабарлар