Эрдоган - Кайс Саид сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Тунистеги абалдар менен эки тараптуу карым  - катнаштар жана аймактык маселелер талкууланды.

1684430
Эрдоган  -  Кайс Саид сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Тунистин президенти Кайс Саид менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Тунистеги абалдар менен эки тараптуу карым  - катнаштар жана аймактык маселелер талкууланды.

Эрдоган сүйлөшүүдө туруктуулук менен ички тынчтыктын аймак үчүн да маанилүү экендигин белгилеп, Тунисте демократияны коргоо, эркиндиктерди кепилдикке алуу жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн көзөмөлгө алынышынын маанилүү экендигин айтты.

Кайс Саид өткөн жумада өлкөсүндөгү саясий жана экономикалык кризистер менен көчө митингдерин негиз катары көрсөтүп, парламенттин ишин 30 күндүк мөөнөт менен токтоткондугун, премьер  - министрди кызматынан алгандыгын жана жаңы бир премьер  - министр дайындап бийликти өткөрүп аларын билдирген.



Тектеш кабарлар