Түркияда 17 облуста 53 токойдо өрт чыкты
Өрттөрдө 4 адам каза тапты.
Түркиянын түштүгү өрт менен күрөшүп, чыккан өрттөрдө 4 адам каза болду.
Антальянын Манавгат району, Анталиянын Манавгат районунда, Адана, Османие, Мерсин, Кайсери, Кутахья жана Мугланын Мармарис, Милас жана Бодрум райондорунда токой өрттөрү уланууда.
Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум журналисттерге Токой өрттөрүн башкаруу борборунан журналисттерге маалымат беришти.
Министр Пакдемирли 27 – 28 - июль күндөрү жалпы Түркияда 17 облуста 53 токой өртүнүн чыккандыгын, 38нин көзөмөлгө алынгандыгын билдирди.
Пакдемирли 4 адам каза болгон өрттүн 3 учак, 38 тик учар, 472 суу чачуучу жана 4 миң кызматкер менен өчүрүлгөнүн белгилеп : «Өрттөрдүн себеби тууралуу көп тараптуу териштирүү укук коргоо жана сот органдары менен жүргүзүлүүдө»,- деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.