Байкардан майрамдык белек

Байкар Аскердик учкучсуз учак системасы MİUS долбоорунун видеолорун бөлүштү.

1677911
Байкардан майрамдык белек

Байкар Аскердик учкучсуз учак системасы MİUS долбоорунун видеолорун бөлүштү.

Байкардын твиттерден берген маалыматында  : «Аскердик учкучсуз учак системасы долбоорубуздун концептуалдык долбоордук видеолорун биринчи жолу бөлүшүп жатабыз. Элибизди жана бүткүл ислам ааламын Курман айт майрамы менен  куттуктайбыз. #Улуттук  технология кыймылы»,- деген сөздөргө орун берилди.

Байкар 17-июлда MIUS жөнүндө бир нече маалыматты камтыган видео менен бөлүштү : "Майрамдык белек жүктөлүүдө! 20-июлга чейин күтө туруңуздар",- деп билдирилген.

Байкар технология лидери  Селчук Байрактар да 17 -  июлда твиттерден маалымат берип, сөз болуп жаткан видеону жарыялап : «Жашоодо кайсынысы баалуу деп сурай турган болушса... Белгиленген жерге баруубу же жолго чыгуубу? Биринчи күндөгүдөй толкундануу менен жаңы жолду баштоону айтаар элем ... #Улуттук технология кыймылы»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар