Президент Эрдоган бүгүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат

Президент Эрдоган бере турган сүйүнчүсү тууралуу маалымат берген жок бирок даярдыктардын бүткөндүгүн айтты.

1677162
Президент Эрдоган бүгүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат

Президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын чакыруусу менен 19 – 20 – июлда Түндүк Кипр Түрк Республикасына расмий сапар менен барат.

Сапарынын негизинде президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  парламентинин атайын отурумунда  депутаттарга кайрылат жана бул жерде сүйүнчүсүн билдирет. Эрдоган 20 -  Июль Тынчтык жана Эркиндик майрамынан улам өткөрүлө турган аземге да катышат.

Президент Эрдоган менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татардын жолугушуусунда Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы абалдар, Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы карым  - катнаштар бардык жактары менен каралат. «Кипр доосу» тууралуу пикир алышууларда болушат. Эрдоган сапарында өзгөчө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасында курулушу бүткөн түрдүү долбоорлордун ачылышы менен пайдубалын түптөө иш – чаралары үчүн өткөрүлө турган аземдерге да катышат.



Тектеш кабарлар