Түрк аскери Ооганстандагы элдин жүрөгүндө...

Бул маалымат Улуттук коргоо министрлигинин социалдык тармактардагы эсептеринен алынган билдирүүдө айтылган.

1673291
Түрк аскери Ооганстандагы элдин жүрөгүндө...

Улуттук коргоо министрлиги 2001-жылдан бери Ооганстандын баш калаасы Кабулда кызмат өтөп келген түрк аскерлери оогандардын жүрөгүн ээлеп, оор күндөрдө алардын жанында болууга аракет кылып жатышканын билдирди.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык тармактардагы эсептеринен алынган билдирүүдө, «Баатыр Мехметчик (түрк аскери) 2001-жылдан бери баш калаа Кабулда ооган боордошторубуздун тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн кызмат кылып келатат. Мехметчик кызмат учурунда оогандык боордошторубуздун, айрыкча балдарынын жүрөгүн ээлеп, оор күндөрдө алардын жанында болууга аракет кылууда»,деген сөздөр камтылды.

Бөлүшүүдө түрк жоокери ооган жарандарына, айрыкча балдарга жакындан кызыгып турган учурлардан тартылган сүрөттөр дагы киргизилген.



Тектеш кабарлар