Министр Чавушоглу G20 жыйынына катышат

Жыйын Италиянын Матера шаарында болот.

1666260
Министр Чавушоглу G20 жыйынына катышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эртең Италияда өтө турган Чоң жыйырманын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

Жыйын Италиянын Матера шаарында болот.

Министр Чавушоглу катыша турчу жыйында коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, глобалдык башкаруунун маанилүүлүгү жана эл аралык кызматташтыктын өнүгүшү жөнүндө пикир алмашылат. 

Жыйында билим берүү, климаттын өзгөрүшү, шаарлашуу жана качкындар сыяктуу негизги темалардын алкагында Африканын туруктуу өнүгүүсүнө карата биргелешкен аракеттердин талкууланышы да көздөлүүдө.

Мындан тышкары министр Чавушоглу Тышкы иштер жана өнүгүү министрлеринин биргелешкен жыйынына катышат.

G20 мүчөлөрүнүн жана чакырылган өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде катышуусу күтүлүп жаткан жыйындын алкагында Чавушоглунун эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар