Эрдоган: «Биздин максат Türksat 5B спутнигибизди жылдын акыркы кварталында космоско жөнөтүү»

Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Түрксаттын Гөлбашы кампусундагы Türksat 5A Спутникти ишке киргизүү аземине катышты.

1666211
Эрдоган: «Биздин максат Türksat 5B спутнигибизди жылдын акыркы кварталында космоско жөнөтүү»
Cumhurbaşkanı Erdoğan TÜRKSAT 5A Uydusu Hizmete Alma Töreni2.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan TÜRKSAT 5A Uydusu Hizmete Alma Töreni.jpg

 

Президент Режеп Тайип Эрдоган, «Дизайн жана өндүрүш этаптары аяктаган Türksat 5B спутнигибиздин сыноолору улантылууда. Биздин максат ушул спутникти жылдын акыркы кварталында космоско жөнөтүү»,-деди.

Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Түрксаттын Гөлбашы кампусундагы Türksat 5A Спутникти ишке киргизүү аземине катышты.

Режеп Таййип Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, «Биз TÜRKSAT 6A спутнигибизди чыгардык жана сыноо баскычында турган бул спутникти келерки жылы космоско учурууну пландап жатабыз. Ошентип, Түркия дүйнөдөгү байланыш спутниктерин жасай алган 10 өлкөнүн катарына кирет»,деген маалыматты берди.

Президент Эрдоган мындай деп улантты: «Дизайн жана өндүрүш этаптары ийгиликтүү аяктаган TÜRKSAT 5B спутнигибиздин сыноолору улантылууда. Биздин максат ушул спутникти жылдын акыркы кварталында космоско жөнөтүү. Пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү бардык спутниктерге караганда көбүрөөк болот. Бүгүнкү күнгө чейин, жана TÜRKSAT 5B ишке киргизилгенден кийин биздин маалымат байланыш мүмкүнчүлүгүбүз 15 эсе жогорулайт».

Жакында маалыматка негизделген инновацияларды колдоп, улуттук технологияларды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүп, жасалма интеллектке киргизе турган стратегиялык изилдөөлөрүн бөлүшө тургандарын билдирген Эрдоган:  «Негизги коркунучтар кибермейкиндиктен келип чыгарын билгендиктен, биз кибердик коргонуунун күчтүү механизмин иштеп чыгабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар