Молдованын тышкы иштер министри : "Түркия ишенимдүү өнөктөш"

Молдованын тышкы иштер жана Европа интеграция министри Аурелиу Циокой Түркиянын өлкөсү үчүн ишенимдүү өнөктөш экендигин айтты.

1662778
Молдованын тышкы иштер министри : "Түркия ишенимдүү өнөктөш"

Молдованын тышкы иштер жана Европа интеграция министри Аурелиу Циокой Түркиянын өлкөсү үчүн ишенимдүү өнөктөш экендигин айтты.

Аурелиу Циокой Анталия Дипломатиялык Форумунан улам Анадолу агенттигине маалымат берип, Түркиянын Молдова үчүн  ишенимдүү өнөктөш экендигин белгилеп, өлкөсүндө  11 -  июлдагы парламенттик шайлоодон кийин да абалдын өзгөрбөй тргандыгын айтты. «Премьер  - министр же президент ким болсо болсун, Молдова Республикасынын стратегиялык улуттук кызыкчылыгы Түркия менен эки тараптуу карым  - катнаштарды бекемдөө»,- деди.

Түркиянын Молдованын ири инвестор жана соода өнөктөштүрүнүн бирөөсү экендигин айткан Аурелиу Циокой 2020 -  жылы эпидемияга карабастан  Түркия менен Молдованын соода карым  - катнаштарынын улантылгандыгын белгиледи. Аурелиу Циокой өлкөдө бир түрк банкынын филиалынын ачылышы соода иштерин дагы да арттырарын айтты.



Тектеш кабарлар