Түркияда коронавирустан бир күндө 87 адам каза болду
Бир күндө 224 193 тест жасалып, 558 бейтап катталды.
1654966
Түркиянын коронавирус менен күрөшү улантылууда. Акыркы 24 саатта 87 адам каза болду. Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 48 428ге жетти.
Бир күндө 224 193 тест жасалып, 558 бейтап катталды. Күнүмдүк бейтап саны 6 454 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 6 647 адам менен жалпы айыккандардын саны 5 миллион 179 833кө жогорулады.