Түркия Татарстанга көңүл айтты

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кол салууну айыптап, каза болгондор үчүн көңүл айтты.

1638070
Түркия Татарстанга көңүл айтты

Түркия Татарстан Республикасынын борбору Казандагы мектепке кол салууну айыптап, каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын борбору Казандагы мектепке куралдуу кол салуу болуп, көптөгөн окуучулар менен бир мугалимдин өмүрүн алышы жана жаракат алгандардын болушу жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен уктук»,делди.

Билдирүүдө, «Биз бул мыкаачылык кол салуудан каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезинен айыгып кетишин тилейбиз жана достук мамиледеги Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын элине чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,деген сөздөр орун алды.

Казандагы мектепте куралдуу кол салуудан мугалим жана 8 окуучу каза болуп, кеминде 10 адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар