Эрдоган Иорданиянын падышасы жана Кувейттин эмири менен сүйлөшүү өткөрдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Иорданиянын падышасы Абдулла II жана Кувейттин эмири Шейх Невваф ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Иорданиянын падышасы Абдулла II жана Кувейттин эмири Шейх Невваф ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президент Эрдоган Иорданиянын падышасы менен сүйлөшүүсүндө Израилдин Кудска, Аксага жана Палестинага карай адамгерчиликсиз кол салуулары чындыгында бардык мусулмандарга кол салуу болуп саналааарын белгилеп, бул кол салууларды жана зулумдуктарды токтотуу үчүн Түркия менен Иорданиянын биргелешип аракеттенүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.
Эрдоган ошондой эле Кувейттин эмири Шейх Невваф ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах менен Израилдин Акса мечитине жана палестиналыктарга карай кол салууларын талкуулады.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.