Эрен операцияларында 40 террорист зыянсыздандырылды
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Карста жасаган билдирүүсүндө, өлкөнүн чектеринде жана тышында тынчтыкты, коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн жалпы күрөш жүргүзүп жаткандыктарын айтты.
Ушул кезге чейин жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн өлкө ичиндеги Эрен операциялары менен 40 террорист таасирсиз кылынды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Карста жасаган билдирүүсүндө, өлкөнүн чектеринде жана тышында тынчтыкты, коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн жалпы күрөш жүргүзүп жаткандыктарын айтты.
Эрен операцияларынын он бешинчисин Карс аймагында башташканын белгилеген Сойлу, Эрен-1дин 11-январда 1071 кызматкердин катышуусунда башталганын эске салды.
Эрен операцияларынын 15 миң 674 персонал менен 15 башка аймакта уланып жаткандыгын белгилеген Сойлу: «Бүгүнкү күнгө чейин Эрен операциялары менен аймактагы 3 кызыл, 6 кызгылт сары, 1 боз категория жана экөө аймакта башкаруучу деңгээлиндеги террористтер зыянсыздандырылды. Кечээ кечинде Хаккариде зыянсыздандырылган террористтерди кошкондо Эрен операцияларында жалпысынан 40 террорист зыянсыздандырылды»,-деди.
Бир тараптан Ички иштер министрлигинин Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө, Эрден 5 операциясынын алкагында Мардин-Нусайбин районуна караштуу Багок аймагында жүргүзүлүп жаткан операциянын натыйжасында жок кылынган террористтердин саны 7ге көбөйгөнү, аймакта операциялар улантылып жатканы кабарланды.