Эрдоган король Салман менен сүйлөштү

Cүйлөшүүдө Түркия-Сауд Аравия карым-катнаштары талкууланды.

1634108
Эрдоган король Салман менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Сауд Аравия карым-катнаштары талкууланды.

Эрдоган ушул жумада тосула турган Кадыр түн жана келе жаткан Айт майрамынан улам Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазизге куттуктоосун айтты.

Сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелерге байланышкан жагдайлар жана кызматташтыкты өркүндөтүү кадамдары каралды.

Президент Эрдоган менен Сауд Аравиясынын королу Салмандын ортосунда 2020-жылдын 21-ноябрында өткөрүлгөн телефон сүйлөшүүсүндө, эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланып Сауд Аравиясынын төрагалыгы астында өткөн G20 лидерлер саммитине байланыштуу баа берилген болчу.

Эрдоган менен rороль Салман эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн диалог каналдары ачык болуш керек деген бүтүмгө келишкен.



Тектеш кабарлар