Фуат Октай TRT World каналына маек куруп берди

Октай TRT World каналынын «Strait Talk» аттуу программасына конок болду.

1632176
Фуат Октай TRT World каналына маек куруп берди

Вице-президент Фуат Октай Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуялар боюнча билдирүүсүнө байланыштуу, «Мен бул анын жана АКШнын тышкы саясаты үчүн таптакыр туура эмес баштоо деп эсептейм»,-деди.

Октай TRT World каналынын «Strait Talk» аттуу программасына конок болду.

Президенттин орун басары Октай, Байдендин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөрү ички саясат үчүн материал катары жасалгандыгын баса белгилеп, «Байден жагымсыз билдирүү жасады. Мен үчүн бул «ички саясаттан» башка эч нерсе эмес. Бул бактысыз жана келечексиз билдирүү болду. Бул Байден жана АКШнын тышкы саясаты үчүн жаман башталыш болду»,- деди.

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Байдендин НАТОнун июнь айындагы саммитиндеги жолугушуусуна көңүл буруп, Октай АКШ менен мамилелерде жаңы башталыш керек экендигин айтты.

Фуат Октай ошондой эле Вашингтон администрациясынын ПКК / ЙПГ жана ФЕТӨ сыяктуу маселелер боюнча чечимдерин карап чыгышы күтүлүп жаткандыгын эске салды.

Президенттин орун басары Октай апта ичинде Швейцариянын Женева шаарында өткөн Кипр жолугушуусуна да токтолуп, чечилбей жаткан сүйлөшүүлөрдө Кипр Рум тарабынын ролуна көңүл бурду.

Октай: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар сүйлөшүү үстөлүнө жаңы көз караш менен келди. Рум тарап эч кандай жаңы сунуш менен келген жок. Алар акыркы 30 жылда айткандары менен келишти»,-деди.

Фуат Октай Түркиянын ар дайым Түндүк Кипр Түрк Республикасын колдой берээрин кайталады.

Экинчи жагынан, вице-президент Октай сириялык качкындарга карата эл аралык коомдук пикирдин мамилесин сынга алып, берилген убадалардын аткарылбагандыгын эске салды.

Октай: «Биз 4 миллиондой сириялыкты кабыл алып,багып жатабыз. Эл аралык коомчулук сөз сүйлөгөндү, убада бергенди жакшы көрөт, бирок алар убадаларын аткарууну жактырышпайт. Алар көйгөйлөрдүн чечилишине жардам беришпейт»,деп айтты.



Тектеш кабарлар