Түркия Франциядагы шаардык кеңештин түрк мүчөсүнүн кызматтан кетүүгө мажбурланышын айыптады
Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, бул тууралуу Твиттерден билдирүү жарыялады.
Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Франциядагы армян террордук уюму АСАЛАнын кол салууларында шейит болгон түрк дипломаттарынын элесине арналган билдирүүнү жактырган түрк муниципалдык кеңешинин мүчөсү Ясин Йылдырымдын кызматтан кетүүгө мажбурланышынын кабыл алынгыс экендигин айтты.
Явуз Селим Кыран Твиттердеги билдирүүсүндө, армян террордук кол салууларында шейит болгон түрк дипломаттарынын сүрөтүн жактырган Франциянын Валенсия шаардык кеңешинде комиссар болуп кызмат кылган Ясин Йылдырымдын кызматтан кетирилишине каршылык көрсөттү.
Сөз эркиндиги жөнүндө ар бир мүмкүнчүлүктө сабак берүүгө аракет кылгандардын тынчтыгын бузган фактыларга туш болгондо ар кандай кысым көрсөтүүнү өздөрүнүн укугу сыяктуу карагандарын белгилеген Кыран: «АСАЛА террордук уюму шейит кылган биздин дипломаттарды эскерип жатканда саясатчыны кызматтан кетүүгө мажбурлоо кабыл алынгыс»,-деп жазды.
Франциянын Валенция шаардык кеңешинде комиссар болуп иштеген Ясин Йылдырымга агасы социалдык тармактарда бөлүшкөн «Армениянын террордук кол салууларында шейит болгон дипломаттарыбыз» темалуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жарыялаган сүрөттү жактырган.
Армян бирикмелеринин даттанууларынан жана кысымынан кийин мэр Николас Дарагон, Йылдырымдан кызматтан кетишин суранды.
Йылдырым кысымга байланыштуу кызматынан кетүүгө аргасыз болду.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.