Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 339 киши көз жумду.

1627696
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 339 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 38 миң 11 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 281 миң 183 тест жасалып, 2 миң 905 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 40 миң 596 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 52 миң 297 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 22 миң 498ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар