Эрдоган Чанаккале кургактык согуштарына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чанаккале кургактык согуштарынын 106 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

1628002
Эрдоган Чанаккале кургактык согуштарына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чанаккаленин рухун сактап калуу үчүн Түркияны келечекке дагы күчтүү кадамдар менен алып бара  тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган, Чанаккале кургактык согуштарынын 106 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

Эрдоган шейит болгондорду, ардагерлерди жана мекенин мээримдүүлүк менен коргогон бардык баатырларды эскерип, эзелтен бери эркин жашаган улуттун көз карандысыздык үчүн баатырдык күрөшүн жеңишке жеткирген «Чанаккале Рухунун» келечек муундарга эстелик мурас экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Эң оор шарттарда дагы мобилизацияга чогулган биздин эл, өз өлкөсү жана желеги үчүн өз өмүрүнүн аябастан эч кандай оккупацияга жол бербестигин өткөндө болгону сыяктуу бүгүн дагы көрсөтүп жатат. Тарыхы даңазалуу жеңиштерге толгон улутубуздун укуктарын жана ыйыктыктарын коргоп калууга, Чанаккале рухун жашатууга, өкөбүздү эртеңки келечекке дагы күчтүү түрдө алып барууга чечкиндүүбүз.  Жаңы муундардын милдети - Чанаккаледе кан, өмүр, чечкиндүүлүк жана тайманбастык менен ташка, кургактыкка жана деңизге чегилген эгемендүүлүктүн жана келечектин билдирүүсүн коргоо болуп саналат. Чанаккаледеги биздин баатырларыбызды, айрыкча Гази Мустафа Кемалды дагы бир жолу урматтоо менен эскерип,  жалпы жарандарыбызга чын жүрөктөн салам жолдойм».



Тектеш кабарлар