"1915 - жылдагы окуялардын геноцид деп аныкталышы үчүн укуктук шарттар жок"

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп : "1915 - жылдагы окуялардын геноцид деп аныкталышы үчүн укуктук шарттар жок".

1627496
"1915 - жылдагы окуялардын геноцид деп аныкталышы үчүн укуктук шарттар жок"

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп, айтылгандай 1915 -  жылдагы окуялардын геноцид деп аныкталышы үчүн укуктук шарттардын жок экендигин айтты.

Шентоп 1915 -  жылдагы окуяларга байланыштуу АКШнын 2021 -  жылы жүргүзө турган саясий мамилесинин  өзгөрүүнүн маңызында эмес, бир гана жаңы башкаруунун мамилесинде экендигин ортого саларын белгиледи.

Мустафа Шентоп АКШнын президенти Жо Байдендин  билдире турган маалыматы тууралуу : «Билдирүү жарыялай турган болсо саясий билдирүү катары эле калат. Эч бир укуктук негизи жок. Эгерде Түркияда тарыхый маселелер ушундайча саясий чечимдер менен ортого салына турган болсо, Түркиянын да Американын тарыхына байланыштуу бир мыйзам чыгаруу мезгилинин баарын камтый турган чечимдерди чыгаруу убактысы бар болсо керек. Бул жагынан алганда эң булганычтуу тарыхы бар өлкөлөрдүн бирөөсү да АКШ»,- деди.

Мустафа Шентоп : «Армян тарабынын тарыхый чындыктарга тескери кабыл алган жана башка өлкөлөргө кабыл алдырууга аракет кылган фактылары Түркия менен Армениянын ортосундагы калыбына келтирүү аракеттерине көлөкө түшүрүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар