Түркия Грецияны айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүсүндө орун берди.

1616862
Түркия Грецияны айыптады

Түркия, Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Милтиадис Варвичётистин Түркия үчүн «атайылап жасалган билдирүүлөрүн» айыптады.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө, «Биз Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Милтиадис Варвисиотистин биздин өлкө жана биздин президент (Режеп Таййип Эрдоган) жөнүндө саясий жана дипломатиялык конвенцияларга туура келбеген адепсиз билдирүүлөрүн катуу айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө, «Греция менен Түркиянын ортосундагы диалогду сактап калуу үчүн, биздин өлкөбүздүн аракеттеринен улам жаңы кадамдарды жасап жаткан мезгилде,грек жооптуу кызматкерлеринин өлкөбүзгө карай чагымчыл жана чыңалууну күчөтүүчү иш-аракеттерин жана айтымдарын атайылап жасоолорун жана бул максат менен тышкы иштер министрдин орун басарынын катчысы Милтиадис Варвичётистин айтымдарын атайы жасалды деп билебиз.

Эки мамлекеттин ортосундагы диалог каналдары кайрадан иштеши үчүн биз Грециянын саясий жетекчилигине жоопкерчиликти, акыл-эстүүлүктү жана биздин өлкөгө карата сүйлөшүүдө чынчылдыкты сунуш кылабыз»


Этикеткалар: #Грециянын , #Түркия

Тектеш кабарлар