Түркия акылдуу телефон өндүрүү базасы болот

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын акылдуу телефон өндүрүүчүлөрү үчүн аймактын өндүрүү базасы болуу жолунда ишенимдүү кадамдарды таштагандыгын айтты.

1610550
Түркия акылдуу телефон өндүрүү базасы болот

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын акылдуу телефон өндүрүүчүлөрү үчүн аймактын өндүрүү базасы болуу жолунда ишенимдүү кадамдарды таштагандыгын айтты.

Эрдоган Xiaomi жана өнөктөшү Salcompтун акылдуу телефонун өндүрүү үчүн Түркияга 30 миллион долларлык инвестиция салгандыгы тууралуу маалымат берди.

Эрдоган фирмага инвестиция салганына байланыштуу ыркмат айтып, Түркиянын акылдуу телефон өндүрүү базасы болушун максат кылышкандарын, ушунун негизинде ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылгандыгын баса белгиледи.

Президент : «Жылдык 10 миллиондон ашуун мобилдик телефон сатылган Европа, Россия жана Жакынкы Чыгыш базарларынын бириккен жери Түркия, акылдуу телефон өндүрүүчүлөрү үчүн аймактын өндүрүү базасы болуу жолунда ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылууда»,- деди.

Xiaomi жана өнөктөшү Salcompтун 30 миллион долларга жакын инвестиция менен 14 000 метр квадраттык аянтта курган Түркиядагы заводунун жылдык 5 миллиондук өндүрүш сыйымдуулугу менен 2 000 кишини жумуш менен камсыз кыларын билдирди.

Эрдоган : «Дүйнө Ковид  - 19 эпидемиясынан улам кыйын күндөрдү жашап жаткан бир мезгилде Түркияга ишенген, өлкөбүздүн потенциалына жана келечегине ишенген бардык инвесторлорго өзүм жана элимин атынан ыраазычылык билдирем»,- деди.



Тектеш кабарлар