Президент: «Ковид-19га каршы эмдөө иши май-июнь айларында бүтөт деп ишенебиз»

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1609165
Президент: «Ковид-19га каршы эмдөө иши май-июнь айларында бүтөт деп ишенебиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө процессин май-июнь айларында бүтүрүүнү жана жай мезгилин тынч өткөрүүнү каалагандарын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган, билдирүүлөрүндө Ковид-19га каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөө процессине байланыштуу: «Бул иш май жана июнь айларында бүтөт деп ишенебиз»,-деди.

Эрдоган өз сөзүндө Кытайдан сатылып алынган коронавирустук (Ковид-19) вакциналарга токтолуп, бул вакциналардан тышкаркы вакциналардын жеткирилишинде кечигүү болгонун, маселени Кытай тарапка билдиришкенин белгиледи.

Германиядан 1 миллион 400 миң вакцинанын келгенин баса белгилеген Эрдоган: «Мунун бардыгы 10 миллионго жетет. Бул арада Россия менен сүйлөшүүлөрүбүз да уланып жатат. Россиядан келе турган вакциналар бизди жеңилдетет. Ушул процесстин ичинде биз вакцинаны элибиз үчүн эң натыйжалуу булак деп эсептейбиз. Атамекендик вакцина иштери уланып жатканда, дары-дармек изилдөөлөрүбүз да атамекендик деңгээлде уланууда»,-деди.

Кипр Рум аймагындагы мечитке жасалган кол салууга сереп салган Эрдоган: «Тилекке каршы румдар ар дайым ушундай нерселерди жасашат. Мунун Европа Биримдигинин (ЕБ) саммити учурунда жасалышы провокациядан башка эч нерсе эмес»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын Стамбул келишиминен чыгышына байланыштуу: «Президенттик тарабынан ташталган кадам толугу менен мыйзамдуу жана ушул кадам менен да өз жолун уланта берет. Биз өзүбүздүн чечимибизди кабыл алдык. Киребиз жана киргенибиз сыяктуу чыгабыз»-деди.



Тектеш кабарлар