Кытайдын тышкы иштер министри Түркияда

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келди.

1608366
Кытайдын тышкы иштер министри Түркияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И алты өлкөнү камтыган аймактык сапарларынын алкагында кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келди.

Ван Инин Чавушоглу менен жолугушуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланды.

Мындан тышкары аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашылды.

Ван И президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан да кабыл алынат.



Тектеш кабарлар