Акар орусиялык кесиптеши Шойгу менен сүйлөшүү өткөрдү

Акар, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу Сириядагы ок атышпоо режиминин бузулушун сүйлөшкөнүн маалымдады.

1608603
Акар орусиялык кесиптеши Шойгу менен сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, 1-марттан бери көпчүлүгү Сириянын түндүгүндө жайгашкан 200дөн ашуун террористтин таасизсиз кылынгандыгын билдирди.

Күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берген Акар, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу Сириядагы ок атышпоо режиминин бузулушун сүйлөшкөнүн маалымдады.

Акар сүйлөшүүнүн конструктивдүү өткөнүн белгилеп: «Биз бул мыйзам бузуулардын бардыгын (Сирияда) сүйлөшүп,  эки тараптуу түрдө чараларды көрүүгө макулдук бердик жана өз ишибизди ушул жол менен улантабыз», деди.

Акар аймактагы ок атышпоонун туруктуу болушун жана аймакка тезинен тынчтыкты орнотууну максаттаган Түркиянын бул темадагы салымдарын бардык деңгээлде улантып жатканын билдирди.

Акар: «Бул жердеги террордук топтор тез арада көзөмөлгө алынышы зарыл. Аларга каршы бир катар чаралар күчүнө кириши керек. Биз бул маселеде (Орусия менен) эки тараптуу түрдө иштешүү боюнча макулдаштык»,-деп айтты.

Министр Акар Сириядагы ар түрдүү кол салууларга керектүү жооптор кайтарылгандыгын белгилеп: «1-марттан бери көпчүлүгү Сириянын түндүгүндө жайгашкан 200дөн ашуун террорист таасизсиз кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар