Р. Т. Эрдоган АК партиянын аялдар бөлүмүнүн конгрессинде сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган турмуштун башка тармактарында болгондой саясатта да аялды четке кагуу адамзатын жарасын эле эмес ошол эле учурда жаратылышын да четке кагуу болорун айтты.

1597366

Президент,  Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн партиясынын Аялдар бөлүмүнүн 6 -  кезектеги конгрессинде сөз сүйлөп, Түркия Улуттук Парламентинде жана коомдо аялдардын санын бардык тармакта көбөйтүшкөндөрүн белгилеп : «Турмуштун башка тармактарында болгондой саясатта аялды четке кагуу жаратылышта да четке кагуу болот»,- деди.

Түркия  Улуттук Парламентинде  аялдарга карата зомбулук боюнча жаңы комиссия түзгөндөрүн билдирген Эрдоган: "Биз колубуздан келгендин барын акырына чейин жасайбыз. Аялдардын зомбулукка кабылышына жол бербейбиз",- деди.  

Эрдоган : «Аял укуктары тууралуу алдыда деп саналган өлкөлөрдөгү аялдарды өлтүрүү кылмыштарынын биздин өлкөгө караганда дагы көп экендиги чындыгын көрбөстүккө салып Түркияны бутага алгандардын дарты элибиздин өзү»,- деди.

Тектеш кабарлар