Министр Акар Хавелсандын иштерин карап чыкты

Акар бүткөрүлгөн жана жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат алды.

1591778
Министр Акар Хавелсандын иштерин карап чыкты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, аны коштогон башкы штабдын төрагасы генерал Яшар Гүлер жана күч командирлери менен биргеликте Хавелсанда (Аба электрондук өнөр жайы) иликтөөлөрдү жүргүздү.

Акар ал жерде, бүткөрүлгөн жана жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат алды.

Коргоо өнөр жайынын маанилүүлүгүн баса белгилеген  Акар: «Досторубуз, өнөктөштөрүбүз, талап кылынган, акчасы төлөнгөн шаймандарды бербей жатышат. Бардык аракеттерге карабастан, бул темада олуттуу көйгөй жана тынчсыздануу бар»,-деди.

Орчундуу курал жана системалардын Түркиянын эгемендик жана көз карандысыздыгы менен түз пропорционалдуу экенин айткан Акар: «Коргоо өнөр жайында атамекендик жана улуттук катышы 70 пайызга жогорулады. Түрк куралдуу күчтөрү өз өлкөсү жана улуту үчүн гана эмес, ошол эле учурда БУУ, НАТО жана ЕККУнун алкагында кургактыкта, деңизде жана абада аймактын жана дүйнөнүн тынчтыгына салым кошууну улантууда»,-деди.



Тектеш кабарлар