ДАЕШка мүчө аял террорист Анкарада кармалды
Бул аял Интерпол тарабынан изделип жаткан болчу.
Террордук уюм ДАЕШтын мүчөсү деген негизде Эл аралык полиция уюму (Интерпол) тарабынан издөөгө алынган Франциянын жараны болгон аял, борбор шаар Анкарада полиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Анкара полиция башкармалыгынын Терроризмге каршы чалгындоо бөлүмүнүн топтору иликтөөлөрүнүн негизинде, өз өлкөсүнөн чыгып ДЕАШка кошулган жана Интерпол тарабынан кызыл белги менен издөөдө жүргөн француз Сарах Талибдин Анкарада болгонун аныкташты.
Андан кийин Талибдин өз өлкөсүнө кайтуу үчүн Франциянын элчилигине жетүүгө аракет кылгандыгы белгиленди. Дароо чара көргөн топтор, Сарах Талибди элчиликтен 200 метр алыстыкта кармап камакка алышты.
Терроризмге каршы көрөшүү башкармалыгына жеткирилген Талиб суракка алынгандан кийин депортацияланат.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.