Түркия Мьянмадагы аскердик төңкөрүштү айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.

1574891
Түркия Мьянмадагы аскердик төңкөрүштү айыптады

Түркия, Мьянмадагы төңкөрүштү кескин айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Мьянма Куралдуу күчтөрүнүн бийликти басып алуусунун терең тынчсыздануу жараткандыгын жана Түркиянын ар кандай төңкөрүшкө жана аскердик кийлигишүүгө каршы экендигин белгилеп, катуу айыптады.

Министрлик жасаган билдирүүдө, «Биз(Мьянмада)  камакка алынды деп жарыяланган бардык шайланган лидерлердин, саясий ишмерлердин жана жарандардын токтоосуз бошотулушун күтөбүз»,делди.

Билдирүүдө,«Биз Мьянмадагы элдин эрки менен түзүлгөн жаңы парламентти тезирээк чогулуп, шайланган лидерлердин жана демократиялык институттардын алдына коюлган тоскоолдуктарды тез арада жоюуга чакырабыз»,деп айтылды.

Ошондой эле билдирүүдө,«Бул оор абал Мьянмада оор шарттарда жашаган Рохинга мусулмандарынын абалын начарлатпайт деп үмүттөнөбүз»,делди.



Тектеш кабарлар