Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 129 киши көз жумду.

1574256
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 129 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 25 миң 865 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 148 миң 785 тест жасалып, 658 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 871 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 100 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 335 миң 409га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар