"Тынчтык булагы" аймагына террордук кол салуу болду

Кол салууда 2 жаран каза болуп, 2 жаран жараланды.

1571294
"Тынчтык булагы" аймагына террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү  Тель Абяд районунда мотоциклга жайгаштырылган бомбанын жарылышы менен 3 жаран каза болуп, 2 жаран жараланды.

Абалы оор болгон жаралуу Түркияга жиберилди. Окуя болгон жерди иликтеген жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салууну террордук уюм ЙПГ / ПККнын жасоо ыктымалына токтолушууда.

Сириянын түндүгүндөгү Тель Абяд районунун борбору 2019 -  жыл октябрь айында «Тынчтык булагы» операциясында террордон тазаланган.

Террордук уюм ЙПГ / ПКК, басып алган Айн Иса жана Тель Темыр аймактарынан  «Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган Расулайн жана Тел Абьяд аймактарын бутага алып бат  - бат террордук кол салууларды аткарууда.



Тектеш кабарлар