Президент Р. Т. Эрдоган кол салуу болгон кеменин капитаны менен сүйлөштү

Президент Эрдоган уурдалган кызматкерлерди куткаруу аракеттеринин жүрүп жаткандыгын белгиледи.

1570084
Президент Р. Т. Эрдоган кол салуу болгон кеменин капитаны менен сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Нигерия жакындарында деңиз каракчылары кол салган кеменин капитандарынан Фуркан Ярен менен  телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда бул тууралуу бардык абалдарды жакындан иликтеген Эрдоган Габондо якорь таштаган кеме учуруган кол салуудан кутулган 3 кызматкердин ден соолугу тууралуу маалымат алды жана көңүл айтты.

Президент Эрдоган уурдалган кызматкерлерди куткаруу аракеттеринин жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Бир тараптан Түркиянын Либревил элчиси Нилүфер Эрдем Кайгысыз деңиз каракчылары уурдаган «Моцарт» аттуу түрк контейнер кемесинин кутулган 3 экипажы менен сүйлөштү.

Либерия желектүү «Моцарт» аттуу кемеге кечээ Нигериянын Лагос шаарына 180  мил  аралыктагы  жерде деңиз каракчылары кол салган.

Нигериянын Лагос шаарында Түштүк Африканын Кейптаун шаарына  бара жаткан кемедеги 19 кишилик экипаждан азербайжандык бир киши өлтүрүлүп 15 киши уурдалган.

Кутулган 3 киши кемени Габондун Жентил портуна алып барган.



Тектеш кабарлар