Нигерияда кол салууга дуушар болгон кеменин портко келиши күтүлүүдө

Бул тууралуу Түркиянын Либревилдеги элчиси Нилүфер Эрдем Кайгысыз маалымат берди.

1569856
Нигерияда кол салууга дуушар болгон кеменин портко келиши күтүлүүдө

Түркиянын Либревилдеги элчиси Нилүфер Эрдем Кайгысыз, Нигериянын деңизинде кол салууга дуушар болгон кеменин Габондун Порт-Жентил портуна 10 чакырым алыстыкта экендигин жана портко жетүүнү күтүп жатышканын айтып, «Кеме байланар замат, биз кайыктар менен кемени көздөй жөнөйбүз»,-деди.

Нилүфер Эрдем Кайгысыз өз билдирүүсүндө Нигериянын Лагос жээгинде кол салууга дуушар болгон Либериянын желеги илинген «Моцарт» аттуу контейнер кемесинин Габондун Порт-Жентил портуна келишин күтүп жатышкандарын айтты.

Кайгысыз: «Биздин кеме Порт-Жентил портунан 10 чакырым алыстыкта. Биз кемебизди порттун чек араларында байланышына аракет кылып жатабыз. Кеме казыгын түшүргөн учурда аны көздөй сүзүп жетебиз. Учурда порттогу бардык бийлик өкүлдөрү бизге жардам берүүгө аракет кылып жатышат. Биз кеменин жайгашкан жерин аныктоого аракет кылып жатабыз.Аныктаганда дароо жакка барабыз”,-деди.

Кайгысыз: «Эң биринчи сөөктү ташууга байланыштуу процедураларды баштайбыз. Биринчи этапта өлүкканага жеткирүү керек. Биз процессти этап-этабы менен жүргүзөбүз. Алгач кемебиздин казыкка байланышы, ал жакка жетишибиз, экипажды көрүшүбүз жана сөөктү тез арада алып чыгышыбыз керек”,-деп айтты.

Кечээ Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта ​​Либериянын желеги астындагы «Моцарт» аттуу кемеге деңиз каракчылары кол салган.

Деңиз каракчылары менен болгон тирешүүдө экипаждагы бир азербайжандык кызматкер өлтүрүлдү. Каракчылар  19 кишиден 15 түрк кызматкерин барымтага алып, кемени таштап кетишкен.

Кеме Габондун Порт-Жентил портун көздөй 3 экипаж мүчөсү менен сүзүп жөнөгөн.



Тектеш кабарлар