Эрдоган: «Биз өлкөбүздүн потенциалын өнүгүүгө карай мобилизациялап жатабыз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, АК Партиянын бир канча провинцияларынын кезектеги 7-конгресстерине Стамбулдагы «Вахдеттин» сарайынан түз байланыш менен катышты.

1565943
Эрдоган: «Биз өлкөбүздүн потенциалын өнүгүүгө карай мобилизациялап жатабыз»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, инвестицияларга, өндүрүшкө, өсүшкө, жумуш менен камсыз кылууга жана экспортко багытталган ыкма менен Түркиянын  потенциалын мобилизациялап жаткандарын билдирди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, АК Партиянын Маниса, Айдын, Мардин, Адыяман, Килис, Бингөл, Битлис, Элазыг, Муш провинцияларынын кезектеги 7-конгресстерине Стамбулдагы «Вахдеттин» сарайынан түз байланыш менен катышты.

Эрдоган:«Биз ар дайым улутубуздун ар бир мүчөсүнүн жанында экенибизди көрсөтө турган көптөгөн программаларды ишке ашырдык»,- деди.

Режеп Тайип Эрдоган экономиканын күчтүү көтөрүлүшү үчүн зарыл болгон реформаларды жүргүзүп, өзүлөрү иштеп чыккан саясатты чечкиндүүлүк менен ишке ашырып жатышканын билдирди.

«Биз билим берүү тармагынан ден-соолукка, транспорттон энергетикага, өнөр жайдан соодага чейинки ар кандай тармакта ушул жаңы процесстин жүрүшүндө секириктерди жасап жатабыз»,-деп айткан президент Эрдоган буларга токтолду: «Биз инвестицияларга, өндүрүшкө, өсүшкө, жумуш менен камсыз кылууга жана экспортко багытталган ыкма менен өлкөбүздүн потенциалын мобилизациялап жатабыз».

Эрдоган, өз сөзүндө: «Түркиянын регионалдык жана глобалдык күчү канчалык жогорулаган сайын, биздин өлкөгө карата агрессиянын өсүшү да чындык»,- деди.



Тектеш кабарлар