Түрк куралдуу күчтөрү кышкы машыгуусун өткөрөт

Кышкы 2021 машыгуусу 1-12-февраль күндөрүнүн аралыгында Карс шаарында өтөт.

1565193
Түрк куралдуу күчтөрү кышкы машыгуусун өткөрөт

Түрк Куралдуу күчтөрү (TКK) акыркы мезгилдеги эң кеңири кышкы машыгууга даярданууда.

Азербайжандын Куралдуу Күчтөрү да катыша турган машыгууга танктык бөлүктөр, артиллериялык батареялар, снайперлердин командалары, атайын күчтөрдүн командачылыгынын кызматкерлери, десанттар жана тик учактар ​​катышат.

Алынган маалыматка караганда, Кышкы 2021 машыгуусу 1-12-февраль күндөрүнүн аралыгында Карс шаарында өтөт.

Машыгуу менен биргелешкен операцияларды жүргүзүүдө кызматташтыкты жана координацияны камсыздоо, инвентаризацияда турган, инвентаризацияга жаңы келген же коргонуу өнөр жайы компаниялары тарабынан иштелип жаткан согуш куралдары менен унаалардын иштешин текшерүү максаты көздөлгөн.

Ыкчам деңгээлдеги машыгуу акыркы мезгилдеги эң ири машыгуулардын катарына кирээри белгиленди.



Тектеш кабарлар