Түркия 5Б спутнигин июнь айында космоско учурат

Караисмаилоглу Хатайда билдирүү жасады.

1564640
Түркия 5Б спутнигин июнь айында космоско учурат

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Түркиянын 5Б спутнигин июнь айында космоско учура тургандарын айтты.

Караисмаилоглу Хатайдагы билдирүүсүндө, ушул жылдын башында Түрксат 5A спутнигинин космоско учурулгандыгын эске салып: «Буюрса июнь айында 5Б спутнигибизди космоско учурабыз. 2022-жылдын баштарында да жергиликтүү жана улуттук спутнигибиз Түрксат 6Аны космоско жөнөтөбүз. Космостогу күчүбүздү бүткүл дүйнөгө билдирген болдук. Мекенибизде, деңизде жана космосто дагы Түркия өз күчүн дүйнөгө көрсөтүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар